Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Исакунова менен түздөн-түз жолугушуу аракети болгон эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2018 | 775 | 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен түздөн-түз жолугушуу аракети болгон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган министрликте чет өлкөдөгү базалык курстарга жетекчинин орун басарлары барган фактылар аныкталган.

«Бул бир гана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмес башка мекемелерде дагы болушу мүмкүн. Алардын дагы кызматтык сапарын карап чыгуу зарыл. Ал эми базалык курска министрдин орун басары барбайт. Министрлер үчүн деталдаштырылган жыйындар пайдалуу. Турларга адистерди, бөлүм башчыларды жибериш керек», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык паспортту көзөмөлгө албай эле бере бергенин да айтып сынга алды.

«Дипломатиялык паспорт элге болгон кызматты жакшыртуу үчүн берилет. Мындай паспорт менен көп өлкөлөргө визасыз кирүүгө болот. Исакунова чет өлкөгө жасаган жумушчу сапарларынын дээрлик барында 2 баласын кошуп алган. Ал эми Сауд Аравияга кайынжуртун дагы ээрчитип барган. Ал жактагы мейманканалар министрдин деңгээлинде болгондуктан кымбат болот. Ал акчалар элдин эсебинен төлөнөт», — дейт эл өкүлү.

Касымалиева буга кошумча, Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги кызматтык сапарлар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланарын жана ал каражаттар кайтарылып берилерин эске салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM