Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Мени жөлөк пул маселеси тынчсыздандырат

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 578 | 0

Жөлөк пул боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамда көрсөтүлгөн иштер аткарылбаса туңгуюкка алып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал министр Таалайкүл Исакунованын кызматтык сапарларына чейин да сүйүнчү пул, жөлөк пул берүүдөгү даректүүлүк, документтерди берүүдөгү коррупция тууралуу маселелерди иликтеп жүргөнүн айтат.

«Мени жөлөк пул маселеси тынчсыздандырат. Бир дагы аракет жок же тоготушпайбы? Жарандар жөлөк пул алууда акча төлөп жатабыз дешет. 5 млрд 330 млн акча кайда кетип жатат деген суроо туулат. Донорлордон акча жөн жеринен келбейт», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү белгилегендей, интернаттар дагы жөлөк пул маселесине тиешелүү. Интернатты жоюу маселесин президент колдогон. Анын үстүнөн жумушчу топ иштеп жатат.

«Мурда Евробиримдиктин долбоору аркылуу техникалык көмөк катары 4 млн евро келген. Долбоордо каралган сумманын 22 млн евросу келе элек. Кызматкерлер ишти соңуна чыгарган жок. Эми Евробиримдиктен дагы бир долбоор келди. Анда да мурдагы долбоорлорду ишке ашырбаган кызматкерлер иштеп жатат», — дейт эл өкүлү.

Ал мындан сырткары, бала асыроо боюнча көйгөйлөр болуп жатканын, базанын жоктугунан улам коррупциялык иштер көп экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM