Биз менен байланышыңыз

Эби табылбаган “Эйр Кыргызстанды” сатуу сунушталды

Экономика | 8 Окт 2018 | 1698 | 0

Жогорку Кеңеште мамлекеттик жалгыз “Эйр Кыргызстан” авиа компаниясын сатуу сунушу көтөрүлдү. Депутат Адыл Жунус уулу компаниянын эң жакшы киреше тапкан учурдагы каражатын ресторандын тапкан кирешесине салыштырып, сындаган. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн эл өкүлү компанияны чет элдик инвесторлорго сатууну сунуштап, айрым маалыматтарга таянып, азырынча Кытай алууга кызыктар экенин билдирген.

100 пайыз мамлекетке караган жалгыз авиа компанияны сатуу сунушу Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Адыл Жунус уулу айрым массалык маалымат каражаттарына таянып Кытай тарап компанияны сатып алууга кызыктар экенин билдирди. Эң кирешелүү учурундагы каражатты байпак фабрикасынын кирешесине салыштырган депутат «жалгыз мамлекеттик авиакомпанияны сактап калуу аны приватташтыруу жолу менен чечсе болот» деген оюн айткан.

Чоң компания эң кирешелүү болгон учурунда 35 млн тапса — бул өлкө үчүн уят. Бул бир байпак чыгарган же ресторандын бир жылдык кирешеси. Менин маалыматым боюнча, Кытай тарап алууга кызыктар болуп жатат. Эгер алар алса  3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келип, кара тизмеден чыгарышы мүмкүн.

Маалыматка ылайык, компаниянын авиапаркында башында 3 учагы болгон. Азыркы учурда бир гана учагы бар. Бирок аны учуруу тескерисинче чыгымга учуратарын компаниянын директору Жолдошбек Токторбаев белгилейт. Анын айтымында, 2014-жылдагы өзгөртүүлөрдүн болушу менен атаандаштык көбөйүп, компания кыйынчылыкка учураган. Мындан улам азыркы күндө өкмөт же компанияны камкордугуна алып көтөрүш керек же инвесторлорго иштетүүгө бериш керек.

-2013-2014-жылдары компаниянын кирешеси 60 млн сомго жетип жаткан. Андан кийин салык түрүндө жылына 60 млн төлөп жатканбыз. Андан сырткары 20 млн сом соцфондго төлөчүбүз. Азыркы күндө учканда карыздар көбөйө берет, учкандын кажети жок. Ошондуктан өкмөт бир чечимге келиши керек.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев бүгүнкү күндө компанияга Кытайдан сырткары Германиядан инвесторлор да кызыгып жаткандыгын билдирди. Анын маалыматында, инвесторлорду компаниянын 49 пайызы эмес, негизги көзөмөлдөөчү пакет кызыктырат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт.

-Инвесторлордон Кытайдан 3 компания, Германиядан 1 компания кызыгып, карап кеткен. Мүлк фонду ошолорду эске алып карап жатат. Бирок алардын карызы көп болуп жатат. Анын үстүнө компаниянын 49 пайызы гана сатууга коюлат. Ал эми инвесторлор 50 пайыздан жогорку үлүшүн каалап жатат. 

Бирок ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов авиакомпанияны сатуу менен гана маселенин чечилишине ишене бербейт. Анын пикиринде, авиация тармагындагы кризисти жоюу ошол тармактагы башкарууну оңдоо менен ишке ашат.

Маанилүү болгон маселе аны сатуу менен чектелбейт. Эмнегедир жеке менчик компаниялар келсе бат эле өнүгөт, ал эми мамлекет аралашкан компаниялар өнүгө албайт. 27 жылдан бери биздин авиация тармагы талкаланды. Ошондуктан мен жаран катары ушул тармакты изилдеп, жоопкерчиликтүү инсандар жооп берсе дейм.

Маалыматка ылайык, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын учурдагы карызы 2,5 млн долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM