Биз менен байланышыңыз

Индонезия: Цунамиде курман болгондордун саны 2 миңге чукулдады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 1073 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралында катталган жер титирөө менен цунамиден курман болгондордун саны бүгүн, 8-октябрга карата 1944кө жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Божомолдорго караганда дагы 5000ге жакын адам дайынсыз болууда. Ал эми урандыларды казып, издөө иштери жүрүүдө.

Кырсыктан оор жаракат алгандардын саны 2549 адамга жетти. 60 миңдей тургун үй-жайынан ажыраган. Тамак-аш, медициналык жардам менен бирге психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Индонезиянын Сулавеси аралындагы Палу шаары жана Донггала аймагы 7,5 балл кубатындагы жер титирөөдөн кыйрап, артынан келген 3-6 метрге чейин жеткен цунами турак-жайларды каптап, жээкти баткакка айлантып койгон. Бийлик менен бирге эл аралык коомчулук да абалды жөнгө салууда көмөк көрсөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM