Биз менен байланышыңыз

Washington Postтун саудиялык журналисти Анкарадагы элчиликте өлтүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 883 | 0

Америкалык Washington Post гезитинин кабарчысы теги Сауд Аравиясынан болгон Жамил Кашыкчы 2-октябрь күнү Анкарадагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон чыккан эмес. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

“Түрк-арап медиа фондунун” мүдүрү Туран Кышлакчы журналисттин өлтүрүлгөнү тууралуу кабар келгенин билдирди.

“Бизге жаназага даярдана бергиле. Жамил Кашыкчы аесуз өлтүрүлдү” деген билдирүү келди. Биз мунун далилденип такталышын күтүүдөбүз. Эгер бул кабар чын болсо, дүйнөлүк басма сөз оор жоготууга учурады жана чоң коркунуч астында. Биз бул кылмышты ИШИМден көрүүдөбүз. Себеби Жамил Кашыкчы алардын иш-аракеттерин сындап жазчу”,-деп ырастады ал.

Андан башка түрк бийлигиндеги АК Партиянын төрагасынын орун басары Ясин Актай мамлекеттик TRT Haber телеканалына берген маегинде журналисттин киши колдуу болгону тууралуу маалыматтар келгенин билдирди.

Эл аралык Reuters  агенттиги болсо, “Түрк коопсуздук кызматы Жамил Кашыкчынын өлгөнүнө ынанды” деген маалыматын таратты.

Учурда төрт күн бою такыр дайыны табылбаган журналистти сураган ЖМК өкүлдөрү элчиликтин алдында күтүшүүдө. Сауд элчилиги окуядан төрт кун өткөндөн кийин гана түрк коопсуздук кызматына элчиликте изилдөө ишин жүргүзүүгө уруксат берди.

Коопсуздук кызматынын маалыматына таянсак, Жамил Кашыкчы 2-октябрда үйлөнүү тууралуу документтерди бүтүрүү максатында болочоктогу жубайы менен Анкарадагы Сауд Аравиясынын элчилигине барган. Жубайын сыртта калтырып, өзү ошол бойдон кайра чыккан эмес.

Ал эми элчилик анын сыртка чыгып кеткенден кийин жоголгондугун айтууда. Бул боюнча Түркиянын президенти Тайип Эрдоган журналисттердин суроосуна: “Мен бул окуяга көз салуудамын. Жаман кабар укпасак экен деп тиленип жатам”,-деп жооп берди.

Жакынкы Чыгыштагы абалды абдан курч жана ачык чагылдырып келген Жамил Кашыкчы аймактагы салмактуу журналисттердин бири болуп, популярдуу “Аль Ватан” гезитинин негиздөөчүлөрүнөн эле. Ошондой эле ал АКШнын да жарандыгын алган.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM