Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көптөгөн аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 701 | 0

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин бир катар аймагында эртең мененки саат 9.00дөн тарта кечки саат 17.00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чуй, Панфилов, Жибек Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүндө суу өчүрүлөт.

Мындан тышкары, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, Кожомкул атындагы спорт сарайында, №3 шаардык гинекологиялык ооруканада, “Океан” дүкөнүндө, Улуттук статистикалык комитетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Санэпидкөзөмөл департаментинде, “Спартак” стадионунда, Билим берүү академиясында, Кыргыз драма театрында, Улуттук китепканада, Биринчи май райондук администрациясында ичүүчү суу өчөт.

Муну менен катар Тоголок Молдо жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде, Президенттин алдындагы мамлекеттик академияда, Жибек-Жолу менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишиндеги билим берүү борборунда ичүүчү суу өчүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM