Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Насыя алуу маданияты жетиштүү деңгээлде өсө элек

Экономика | 7 Окт 2018 | 2089 | 0

Улуттук банк менен биргеликте эфирге чыгып жаткан “Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышы насыя алуунун жол-жобосу жөнүндө болду. Суроолорубузга Улуттук банктын банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ташбекова жооп берди.

Марал: Насыяны кимдер ала алат?

Нургүл Ташбекова: Банктар тарабынан сунушталган көп продуктылардын ичинен насыя эң көп жайылганы жана ага суроо –талап күч. Ошондуктан Улуттeк банк насыя алууда жарандар эмнеге көңүл бурулуш керектиги жөнүндө маалыматтарды жеткирүү аракеттерин көрүүдөбүз.

Жарандык мыйзамдуулук боюнча кандай талап болсо, насыяны алуучуларга да ошондой эле талаптар бар. Мисалы, насыяны алып, анын милдеттенмелерин аткарууга жарандын жаш курагы туура келсе бериле берет. Ошондой эле жеке жарандардан тышкары, юридикалык жактар да алышы мүмкүн. Ар бир финансы-кредиттик мекеме берген келишимде өзүнчө шарттар каралган.

Ал эми кимдер ала албайт деген маселеге токтолсом, негизи нормативдик- укуктук актыларда насыя кайсы бир тарапка берилбейт деген чектөө же шарт коюлган эмес. Болгону насыяны алуу келишими эки жактык жооптуу чечим болушу керек. Биз муну дайыма айтып келебиз. Мисалы, зайымчы банкка насыя алам деп кайрылганда анын шартын, насыяны кандай багытта колдонот, буга чейин карыз болгон эмеспи баарын тыкыр иликтеп анан бериши керек.

Марал: Насыянын кандай түрлөрү бар?

Нургүл Ташбекова: Насыянын түрлөрүн классификациялоодо да ар кандай критерийлерди алып караса болот. Мисалы, мөөнөтүнө жараша, же болбосо ипотекалык насыя болушу мүмкүн, же болбосо физикалык, юридикалык жактарга бериле турчу насыя, ошондой эле максатына карата насыя берүү, керектөөчү насыя деген бар, бул абдан кеңири айылган, чоң эмес суммада берилет. Айыл чарба иштетүү, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөргө берилет.

Марал: Жаран насыя алууда эмнеге көңүл бөлүшү керек?

Нургүл Ташбекова: Физикалык жактар менен юридикалык жактарга насыя берүүдө биз жарандарга көбүрөөк көңүл бөлөбүз, себеби юридикалык жактардын өзүн-өзү коргоого потенциалы бар. Ал эми жеке жарандар көбүрөөк кеп-кеңешке муктаж болот. Ар бир жаран насыя алуудан мурун аны алууга шартым барбы, балким бул жагдайдан насыя албай туруп чыгууга болот..деген сыяктуу баарын ойлонуштуруп анан чечим кабыл алышы керек. Баары бир насыя алуу боюнча чечим кабыл алса, анын шарттарын кылдат иликтеп, бир эле жерден эмес бир канча кредиттик мекемеге барып шарттары менен таанышышы керек.

Ошентип банкты тандагандан кийин алар сунуштаган келишимдин долбоорун алып, шашпай үйүнө алып кетип да ойлонсо болот. Пайыздык чендери, комиссиясы, айып төлөмдөрү, кепилдиктери кандай, баарын карап чыгып, юристтерден кеңеш алса болот. Келишим түзүлгөнгө чейин 3 күн ичинде ойлонууга мүмкүн. Андан кийин өзү макул болбогон пункттарына сунуш киргизип, өзгөртүү киргизсе да болот. Себеби бул эки жактуу келишим болгондуктан, ич ара макулдашуу менен түзүлөт.

Эң негизгиси насыяны алууда Улуттук банктан лицензия алган мекемеден алуу сунушталат.

Марал: Банк кардар алган насыясын башта айткан максатында колдонуп жатабы, же башка максатта иштетип салганын көзөмөл кылабы? Тагыраагы, банктын да тобокелдиктери барбы?

Нургүл Ташбекова: Мисалы, максаттуу насыяны алууда кардар акчаны кайсы максатта колдонорун так белгилейт. Насыя берүүчү ал башка максатта иштетилип жатса аны текшерүүгө, мониторинг кылууга укугу болот. Себеби банк дагы түшө турчу тобокелдиктерди азайтуу үчүн кардар менен дайыма байланышта болуп турат. Эгер кардар акчаны максатсыз колдонуп салса, банк өзүнүн укуктарын колдонот.

Марал: Керектөөчү алган насыяны максатсыз пайдаланып, зыянга учурап калса кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы?

Нургүл Ташбекова: Мисалы, кардардын зыянга учурап калуу тобокелдигин алдын алып, кепилдик алышы мүмкүн, же күрөө коет. Эгерде кардар зыянга учурап калса, насыяны алган банкка келип, эмне себептен ушундай жагдайга кабылганы туура, жеткиликтүү, так маалыматты бериши керек. Андан кийин бул эки жактуу келишим болгондуктан дагы жаңы шарттарды иштеп чыкса болот. Банк кардардын карызын 100 пайыз кечпесе дагы кайра каржылоо жүргүзсө болот, же насыяны төлөөнүн мөөнөтүн узартса болот.

Бүгүнкү практика көрсөткөндөй, банктар кардардын шартын түшүнүп ушул сыяктуу жеңилдиктерди жасап жатышат. Бирок кардардын карызын жүз пайыз кечип салуу мүмкүн эмес, анын үстүнө эгер толук кечип салса, кардардын өзүнө терс таасири тиет. Мисалы, ар бир насыя жөнүндөгү маалымат кредиттик бюролорго берилет. Алар насыя алган жаран айма-ай өз милдеттенмелерин кантип аткаргандыгы тууралуу кабардар болот. Бул анын башка банктардан да насыя алуусуна кедергисин тийгизет.

Марал: Насыялардын пайыздык чендери кандай негизде коюлат, чектен чыккан деңгээлде пайыздар коюлса Улуттук банк көзөмөл кылабы?

Нургүл Ташбекова: Мыйзам боюнча Улуттук банк же башка үчүнчү жак финансы кредиттик мекеме менен зайымчынын ортосундагы келишимге кайсы бир деңгээлде кийлигише албайт.  Финансы кредиттик мекемелер тарифтерин өзү коет. Бир гана белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө мыйзам бар, анын негизинде гана насыя берүүчү мекемелер чектүү жол берүүчү пайыздан жогору пайыз, нарктарын койсо, күрөөнү жарандан соттун чечимисиз эле алып кое албайт. Сүткорлук иши деп табылган чечимдердин үстүнөн жарандар сотко кайрыла алат.

Мындан тышкары, аз суммадагы керектөөчү насыянын түрү бар, ал тез арада берилет, мөөнөтү да аз, максатсыз насыя болуп эсептелет. Бирок банктар мындай насыяны берүүдө минималдуу түрдөгү талаптарды гана коюшат. Ошол себептен да аны төлөөнүн тобокелдиктери жогору болгондуктан пайыздары жогору болот.

Марал: Кепил болгон жаран өзү да насыя ала алабы?

Нургүл Ташбекова: Кепил болгон жаран жөнүндө да кредиттик бюродо маалыматы болот. Мисалы, финансылык абалы, кирешелерин карап кепил болуп бере алары иликтенет. Ал кепил болгон жак өзү да насыя алса, ага да ошондой эле шарттар каралган.

Марал: Насыя үстүнө насыя алууга болобу?

Нургүл Ташбекова: Бул кеңири жайылган жагдай. Үстү-үстүнө насыя алган жарандар көп мекемелерге карыз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз финансылык сабаттуулук боюнча иш жүргүзүүдөбүз, кайсы мекемелер кандай көлөмдө насыя алганы боюнча финансы-кредиттик мекемелерде маалыматтары бар.

Марал: Кыргыз коомчулугунда насыя алуунун маданияты жогоруладыбы?

Нургүл Ташбекова: Өлкөдө Улуттук банк тарабынан 2-3 жыл мурун жарандардын финансылык сабаттуулугу боюнча кеңири излдөө жүргүзүлгөн. Ага таянсак, ар бир онунчу жаран эч бир финансылык терминологияны билбей турганы аныкталган. Андан тышкары, респонденттердин үчтөн бир бөлүгү канча киреше табат, канча чыгашага учурай турганын так билбейт, үй-бүлөлүк бюджетин санабай турганы маалым болду.

Муну менен катар финансылык продуктылардын арасынан насыя тууралуу маалыматы бар экени, бирок анын пайыздары, айыптык төлөмдөрү жөнүндө маалыматы жок болуп чыккан. Бул изилдөөдөн кийин 2020-жылга чейин чоң программа иштелип чыгып, финансылык сабаттуулукту  жогорулатуу, маалымат жеткирүү чечими кабыл алынган. Ошондон бери финансылык сабаттуулукка умтулуп, суроо-талап күчөп, Улуттук банкка келип да кеңеш алгандар көбөйдү. Бирок насыя алууда дагы да болсо жеткиликтүү деңгээлге өсө элекпиз.

Copyright © 2017 Maral FM