Ысык-Көл облусунда казак түрмөсүнөн качып кеткен кооптуу кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан өзгөчө кооптуу кылмыштуу топтун башчысы кармалды.
5-октябрга караган түнү Каракол шаарынын аймагында таластык Жылдызбек Бекмурзаев аттуу 32 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Буга чейин ал каракчылык, зордуктоо, уурдоо боюнча соттолуп чыккан. Ал качып жүрүп издөөгө алынган болчу.