Биз менен байланышыңыз

Жарандар Жээнбековдун жылдык ишине баа берди

Коом | 5 Окт 2018 | 1443 | 0

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден бери бир жылга чукул убакыт өттү. Бул аралыкта мамлекет башчынын жасаган жумуштары айрымдарынын купулуна толсо, кээ бири өзгөрүү, өнүгүү боло элек деп сындашууда. Мындан улам Бишкек шаарынын тургундарына президенттин ишмердүүлүгү боюнча суроо салдык. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун ант берип, кызматка киришкенине 24-ноябрда туура бир жыл болот. Бул аралыкта өлкө башчы жасаган иштери талкууланып, эксперттер да өз баасын берүүдө. Биз бул жолу Жээнбековдун ишмердүүлүгү тууралуу борбор калаанын тургундарынын пикирин уктук. Сурамжылоо учурунда президенттин ишине орточо деген баа бергендер басымдуу болду.

-Бардык нерсе акырындан болот. Иштеп жатат, убакыт бериш керек.

-Акырындан үйрөнүп баштады. Кадрларды тандап кызматка коюп жатат. 

-Кыргызстанда тынчтык болсо, баары өзү эле болот. 

Мамлекет башчы инаугурация учурунда ант берген күндөн бери коомчулук өлкө башчынын ишин кунт коюп байкап келүүдө. Жээнбеков шайлоо алдында берген убадаларын четинен аткарып келе жатат дегендер да жок эмес. Айрыкча, алар өлкөдө коррупция менен күрөшүү күч алып, пенсия жана айлык акы көтөрүлгөнүн жогору баалашты.

-Кызматка келгенден баштап эле коррупционерлердин бетин ачууда. Күнөөлүүлөр камалып жатат.

-Жолдор оңдолуп, шаар өнүгүүдө. Иштеген президент Сооронбай Жээнбековдой болот.

-Дарыгерлердин айлыгы жогорулап, пенсия да көбөйтүлдү.

Деген менен Жээнбеков ушул күнгө чейин көзгө көрүнөрүлүк эч бир жумуш жасаган жок деп сындагандар четтен табылат. Карапайым эл өз турмушун өзү тартып, тескерисинче мамлекетке жардам берип жатат дешет.

-Президент эч бир жумушту жасап, аягы өнүгүү менен аяктаганын көрө элекмин.

-Карапайым эл өз турмушун өзү эле тартып, жакшыртууда.

-Азыр мен там салып жатам. Мамлекет мага бир мык алып барып берген жок. 

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп, шайлоочулардын 54 пайыз добушуна ээ болгон. Мамлекет башчы  укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор паракорчулукка батып калганын айтып чыккан. Ал бул багытта күрөштү күчөтүүнү, айрым таза эмес кызматкерлерден арылууну талап кылып келет. Учурда байкоочулар президенттин коррупция тууралуу убадаларына ар кандай баа берип жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM