Биз менен байланышыңыз

Президент маркум Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүн кабыл алды

Кыска кабар , Сүрөт | 5 Окт 2018 | 1336 | 0

Бүгүн, 5-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков былтыр октябрь айында курман болгон вице-премьер министр Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту.

Президент Темир Жумакадыров менен өлкөнүн премьер-министри кезинде тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи.

Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүүдө Темир Жумакадыровдун стратегиялык көз карашы болгонун айтып, азыркы кезде Коопсуздук кеңеши ал баштаган ишти улантып жатканын кошумчалады.

«Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди баштап кеткени үчүн мен ага ыраазымын», — деди президент.

Жумакадыровдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчы фонддун бардык демилгелерин колдоорун жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экендигин айтты.

Мындан тышкары, Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунун II даражадагы Ардак белгисин тапшырды.

Эске салсак, былтыр 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда «Тойота-Лэнд Крузер» автоунаасы «КамАЗ» менен кагылышып, 38 жаштагы ошол кездеги вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы — 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу — 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM