Биз менен байланышыңыз

Ошто “Улуу-Тоо” чек ара тозотунун жаңы комплекси ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 5 Окт 2018 | 1029 | 0

Бүгүн, 5-октябрда Ошто “Улуу-Тоо” чек ара тозотунун жаңы комплексинин ачылышы болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара тозотунда администривдик жайлары бар казарма, офицердик курам жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, кампа жайлары, техниканы оңдоочу жана сактоочу жабык бокстору, кызматтык иттер үчүн вольери бар модулдуу заманбап инфраструктуралуу имараттардын комплекси  курулган.

Комплекстин аймагында машыгуу үчүн плац, ок атуучу куралдар менен иштөөгө машыгуучу окуу жайы, спорттук аянтча орнотулган.

“Улуу-Тоо” чек ара тозотунун жаңы комплексинин курулушу Орусия өкмөтү менен кызматташуу алкагында келишимдин негизинде каржыланды.

 

  • ????????????????????????????????????

  • ????????????????????????????????????

  • ????????????????????????????????????

  • ????????????????????????????????????

Жарнама
Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM