Биз менен байланышыңыз

«Вега» компаниясын жеңүүчү деп табуу мыйзамсыз болгону айтылды

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 823 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерди уткан “Вега” концерни компаниясы күмөн жаратты. Алдын ала маалыматка караганда, “Вега” концернинин бул жаатта иш тажрыйбасы бар экендиги тууралуу документтери жок болуп чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин директору Бакыт Шаршембиев билдирди.

Маалыматка караганда, “Вега” компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндөгү далил документтерин көрсөтө алган эмес.

Тендерди өткөргөн конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо чечими туура болгонун белгилеп, учурда юристтер арыздарды карап жатышканын билдирди.

Ошондой эле, акыркы чечим 3 күн аралыгында кабыл алынаары кабарланды.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча компанияларга тендер өткөрүү онлайн өткөн. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлердин орун басарлары, кызмат жана инспекциялардын төрагалары, ошондой эле байкоочулар кирген.

Copyright © 2017 Maral FM