Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» алгачкы камералары коюлчу кесилиштер маалым болду

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 952 | 0

«Коопсуз шаар» программасынын алкагында борбордун көчөлөрүнө коюлчу көзөмөл камераларынын алгачкы орундары анык болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришкен.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды каттоочу камералар алгач он негизги көчөлөрдүн кесилишине 2019-жылдын 10-февралына чейин коюлмай болду. Алар:

-Жибек Жолу-Жаш Гвардия;

-Чүй-Фучик;

-Чүй-Бейшеналиев;

Жибек Жолу-Фучик;

-Чүй-Жаш Гвардия;

-Бөкөнбаев-Абдрахманов;

-Жибек Жолу-Абдрахманов;

-Чүй-Курманжан Датка;

-Москва-Абдрахманов;

-Горький-7-апрель көчөлөрүнүн кесилиштери.

Эске сала кетсек, ноябрь айында Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети менен орусиялык «Вега» компаниясынын ортосунда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык алгачкы кадамдар 90 күндүн ичинде башталып, акыркысы жарым жылда бутүүсү керек.

Copyright © 2017 Maral FM