Биз менен байланышыңыз

Бүгүн парламент «Коопсуз шаарды» эң акыркы маселе катары карайт

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 723 | 0

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карала турчу маселелердин күн тартиби түзүлгөн.

Анын эң алгачкысы жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси турат.

Андан кийинки орунда пенсия боюнча мыйзам долбоору, айыл чарбасы, үрөнчүлүк, жөлөкпулдар жөнүндө, айдоо жерлери жөнүндө, эмгек кодекси тууралуу, медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети тууралуу маселе каралат.

Күн тартибиндеги эң акыркы маселе “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулат.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык «Вега» компаниясы ишке ашырат.

 

Copyright © 2017 Maral FM