Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча жабдыктар алып келинди

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 928 | 0

Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча жабдуулар келген. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Буга чейин долбоордун биринчи фазасы боюнча жабдуулар 25-декабрда алып келинет деп айтылган. Бирок 15-декабрда келген. Биринчи фазасында 10 кесилиш, 17 ылдамдык чеги жана 10 жылдыруучу комплекстерге жабдыктар коюлат.

Долбоор 2019-жылдын 10-февраль күндөрү иштеп баштайт. Бирок жол эрежесин бузууларды андан эртерээк эле тартып баштайт.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун орусиялык “Вега” компаниясы ишке ашырат. Биринчи этапта “Вега” эки түрдүү 90 камера орнотот. Алардын 52си жол эрежесин бузууларды жазат, калгандары эки жактуу кесилиштерди, стоп-линиядан чыккандарды жана жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткендерди каттайт.

48 камера Бишкек — Чалдовар, Бишкек — Балыкчы, Бишкек —“Манас” аэропорту жана Бишкек — “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жолдоруна орнотулат.

Copyright © 2017 Maral FM