Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» январдан тарта иштеп баштайт

Коом | 14 Дек 2018 | 1054 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында долбоордун алкагында адамдарды бетинен жана басканынан тааный турган программа иштей баштай турганы белгилүү болду. Графикке ылайык, 25-декабрда алгачкы жабдууларды алып келүү пландаштырылууда.

«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Учурда «Коопсуз шаар» долбоорун координациялоочу ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кеңешмеде билдирди.

Анын маалыматында, биринчи этапты ишке ашыруу планынын долбоору даярдалган. Графикке ылайык, 25-декабрда алгачкы жабдууларды алып келүү пландаштырылууда. Андан соң 2019-жылдын 25-январынан тарта тесттик эксплуатациялоону баштоо, ал эми 10-февралга карата өнөр жай форматында ишке киргизүү пландаштырылууда.

-Бүгүнкү күндө долбоордун жалданма компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы объектилердин топографиялык сүрөттөрү, инженердик коммуникацияларга кошулуунун техникалык шарттары алынган. Бишкек шаардык мэриясы менен маалыматтарды өткөргүч каналдарды жана аба аркылуу электр камсыздоо линияларын жасоого уруксат берүү өтүнүчү келтирилип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Белгилей кетчү нерсе, биринчи этаптын алкагында Бишкек шаарынын негизги чоң көчөлөрүндөгү төрт ылдамдык чектери жана 38 көчөнүн кесилиши каралат. Учурда Бишкек–Ош, Бишкек–Торугарт, Бишкек–«Манас» аэропорту, Бишкек–Чалдыбар жана Бишкек–Кордай унаа жолдорундагы ылдамдык режимин бузуу фактыларын фиксациялоочу стационардык аппараттык-программалык комплекстер (АПК) жайгаштырылчу орундарды иликтөө иштери жыйынтыкталган. Мында 48 ылдамдык стационардык чектери иштейт.

Маалыматтык технологиялар комитетинин башчысы экинчи этапка байланыштуу билдиргендей, учурда «Коопсуз шаардын» экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Жалпы республика боюнча аппараттык-программалык комплекстер орнотулчу жайлар аныкталган. Бүгүнкү күнү 189 орнотуу жайы жана 40 көчмө аппараттык-программалык комплекс белгиленди. АПК орнотулчу тилкелер жол кырсыктары көп катталган жерлерде коюлат. Азыркы тапта экинчи этапты ишке ашыруу үчүн техника-экономикалык негиздеменин долбоорун даярдоо иши жүрүүдө.

Маалым болгондой, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу графикке жараша, кечиктирилбестен аткарылмакчы.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев унаа жолдорундагы ылдамдык чектерде жана кесилиштерде аппараттык-программалык комплекстерди жайгаштыруу маселеси боюнча бирдиктүү макулдашылган пикирдин жоктугун сынга алды.

-Аталган иштин ар кыл этабындагы ишке жоопкерчиликсиз жана шалаакылык мамиле кылуудан улам долбоорду ишке ашырууга эч кандай тоскоолдук жаралбашы керек. Анткени ушундан улам ал узак мезгил бою ишке ашырылбай келген. Мен буга жол бербейм. Биз «Коопсуз шаар» долбоорун баскычтуу жана так аткарылышына жетишебиз. Андагы ар бир баскычта көрсөтүлгөн мөөнөттөр тыкыр сакталышы керек. Даярдык иштери сапаттуу иштелип чыгуусу кажет.

Ошондой эле Абылгазиев долбоорго тийиштүү ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын камсыздоону талап кылды. Аны менен бирге бардык кызыктар тараптардын катышуусу менен акча каражаттарын бөлүштүрүү схемасын жана эсептерди даярдоо маселесин так иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, долбоордун негизги аспектилери тууралуу жарандар маалымдар болушу үчүн өлкө боюнча кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин тыкыр жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусу шарт.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев өкмөт башчы тарабынан коюлган тапшырмалар өз убагында аткарыла турганын билдирди.

Анын маалыматында, өлкөдө жол кырсыгы 5-6 пайызга кыскарды.

-Кеңешмеде биздин мекемеге да тапшырмалар коюлду. Анын алкагында жумуштар болот. Жаңы жылдын алдында камералар орнотула баштайт.  Жол кырсыгынан каза болгондордун саны 26 пайызга азайды. «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден кийин коппсуздукту сактоо боюнча жакшы көрсөткүчтөргө күбө болобуз. Биринчи этап менен Бишкек шаарында жана Чүйдө 110 видео камера орнотулат. Алар көбүнчө кырсык катталган кесилиштерде жана калктуу аймактарга жайгаштырылат.

Жол эрежесин бузган айдоочу жөнүндөгү маалыматтар коопсуздук органдарына болмокчу. Көзөмөлдү Ички иштер министрлиги жана Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзөт.

Инженерлер ассоциациясынын төрагасы Талант Садакбаев орусиялык компания аталган долбоорду ишке ашыра ала турганын белгиледи.

-Вега компаниясына үмүт артса болот. Анткени кепилдиги бар. Алар жасабай калса 10 пайыз акчаны кармап калса болот. Ошону үчүн Веганын графигин так карап чыгыш керек.

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн долбоорду ишке ашырыш үчүн сынактар менен тендерлер 2012-жылы башталган.

Copyright © 2017 Maral FM