Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: «Коопсуз шаарды» ишке ашыруу 230 млн сомго арзан түштү

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 771 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. Сынактын жыйынтыгында орусиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшай турган болду, башкача айтканда 230 млн сомго арзан түштү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Анын алкагында Бишкек шаарынын 38 көчөсүнүн 90 жерине видеобайкоо орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркештам сыяктуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштайт.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору акыркы жети жылдан бери ишке ашпай келет. Кыргызстанда өткөн жылы 4 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат бүгүн, 29-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM