Биз менен байланышыңыз

«Вега» «Коопсуз шаарды» ишке ашырат

Коом | 2 Ноя 2018 | 760 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорун «Вега» компаниясы ишке ашыра турган болду. Бишкектин райондор аралык соту Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин арызын канааттандырды. Буга чейин аталган комитет Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылган. Себеби комиссия буга чейин орусиялык «Вега» компаниясынын тендерде утуп чыгышы мыйзамсыз болгон деген.

Орусиялык «Вега» компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган болду. Бишкектин райондор аралык соту Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин арызын канааттандырды. Бул тууралуу аталган комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев билдирди.

Соттук отурумдун жыйынтыгында “ Вега” концернинин тендерден утушу объективдүү деген чечим чыгарылды. Биз колубузга кагазды ала элекпиз. Бирок келишимге кол койгонго жол ачылды. Жакын арада кол коюуну пландап жатабыз. 

Аталган комитет буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссиянын чечимине каршы болуп, сотко кайрылган. Себеби комиссия буга чейин орусиялык «Вега» компаниясынын тендерде утуп чыгышы мыйзамсыз болгон деген. Соттун чыгарган чечим тууралуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин башчысы Улан Өзүмбеков так пикирин билдирген жок. Тескерисинче, департамент түзгөн комиссияга кайрылгыла деп жооп берди.

-Бул маселе боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү менен байланышсаңыз. Соттун чечимине пикир билдире албайбыз.

Мындан улам департаменттеги арыздар боюнча түзүлгөн комиссияга кайрылдык. Аталган комиссиянын мүчөсү Съездбек Сарыбаев соттун чечимине комитет жооп берерин айтты.

-Департамент уруксат берсе гана комментарий билдире алабыз. Алардын макулдугу жок жооп берүүгө болбойт.

Ошентип экинчи тараптын позициясын так билүүгө мүмкүн болгон жок.

Буга чейин долбоорду ишке ашыргысы келген жеке менчик компаниялар менен өкмөт соттошуп келсе, бул жолу эки мамлекеттик орган соттошуп турат. Эксперттер да буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык «Вега» концерни тууралуу «талапка жооп бербейт» деп сындашкан.

Тендерди өткөргөн конкурстук комиссиянын мүчөсү, депутат Улугбек Ормонов «Вега» өндүрүш тармагында иштеген компания болгондуктан, долбоорду ишке ашыра алат деп ишенет.

-«Вегадан» шек санасак анда долбоорду ким ишке ашырат? Өндүрүштө иштеген ишканалардын колунан көп нерсе келет. Муну мен 20 жыл өндүрүштө иштеген кызматкер катары айта аламын. Атаандаштык болгондо ар кандай терс сөздөр айтылат. Документ боюнча «Вега» утту, эми долбоорду ишке ашырууга убакыт келди.

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн долбоорду ишке ашырыш үчүн сынактар менен тендерлер 2012-жылы башталган. Андан бери өкмөт башына келгендер «бул долбоорду ишке ашырабыз» дегени сөз бойдон эле келатат. Ал тургай бийлик “Коопсуз шаарды” ишке ашырмакчы болгон компаниялар менен чырдашып, соттошкон учурлары да болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM