Биз менен байланышыңыз

Экотехинспекциядагы коррупциялык көрүнүштөр аныкталды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1515 | 0

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын кызматтан алынышы мыйзамсыз болгон. Бул тууралуу аталган мекемедеги коррупциялык көрүнүштөрдү изилдөө боюнча түзүлгөн комиссия аныктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамбеталиева буга чейин инспекцияда бир топ коррупциялык жагдайлар бар экендигин айтып чыккан. Ал фактыларды текшерүүнү президент Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Экотехинспекциянын эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерди сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча акчалар төлөнгөн.

2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5  млн 178 миң 936 сом, 2017-жылы 2  млн сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлыктын жалпы суммасы  — 7  млн 209 миң 602 сомду түзгөн.

Андан тышкары белгиленген укук актыларын бузуу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге материалдык жардам катары 2016-жылдан бери 3 млн 625 миң 691 сом бөлүнгөн.

Муну менен катар 2018-жылдын 1-сентябрына карата инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396113 сомду түзгөн.

Белектерди сатып алуу үчүн 45 миң сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, бирок тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө камсыздоочуларга 1 млн 167 миң 335 сом которулганы менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796450 сомун гана түзгөн.  Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370885 сом ашыкча которулган, ал эми айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394800 сом кайтарылууга тийиш.

Эмгек кодексин жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамды бузуу менен бош административдик мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоолор болгон.

Мындан тышкары, Экотехмаминспекциянын жетекчилиги тарабынан  антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жүргүзүлгөн эмес.

Бул фактылардын негизинде аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен инспекциядагы бир катар кызматкерлердин, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну, башкармалыктардын жетекчилеринен тартып, мекеменин башчысына чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды.

Copyright © 2017 Maral FM