Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаарларына прокурорлор дайындалды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1322 | 0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир катар прокурорлорду дайындады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын прокурору болуп Темирбек Бекмамат уулу дайындалды. Ал башкы прокурордун орун басары болчу.

Ал эми Ош шаарынын прокурору болуп Кубат Абдраимов дайындалды. Ошондой эле Бишкектин Ленин райондук прокуратурасынын башына Марат Кулжабаев келди. Жети-Өгүз райондук прокурору болуп Мирлан Аширбаев, Тоң райондук прокурору болуп Тилек Сарбагыш уулу дайындалды.

Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасын Эмил Аширбаев жетектейт. Сүйүн Мамыров болсо Ош облусунун прокурорлугуна дайындалды. Ош прокуратурасынын жетекчиси буга чейин өзүн-өзү асып алган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бардык кадрлар президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM