Биз менен байланышыңыз

Абдрахматова: Президенттин БУУнун трибунасына башкача форматта чыкканы кубандырат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2018 | 835 | 0

«Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2007-жылы БУУнун трибунасында мамлекеттин ички маселелерин, таарынычын айтып, элге кайрылуу жасап жиберген. Атамбаев Кыргызстандын деңгээлин түшүрүп койгон болчу. Ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков башкача форматта чыкканы кубандырат.» Мындай пикирин юрист Атыр Абдрахматова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчынын БУУнун трибунасында Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар экенин белгилегени жакшы болгон.

— Ошондой эле өлкөнүн өнүгүү багыттарын, Кыргызстан парламенттик өлкө экенин айтканын башка мамлекеттерге, саясий күчтөргө белги катары карасак болот. Өлкөнүн стабилдүү өнүгүп жатканы күчтүү мамлекет экенинибизди көрсөтөт. Башкалар мындай өлкөлөр менен иш алып барууга, кызыкчылыктары менен эсептешүүгө барат. Мамлекет ич ара туруктуулукка келбесе эч ким аны баалабайт. Болгону үстүрттөн мамиле кылат.

Абдрахматова БУУнун кабыл алынган келишимдеринин 6 миңден ашууну тууралуу маалымат жок экенин айтып өттү.

— БУУ формалдуу түрдө ревизия кылып, келишимди аткарбайт экенсиңер деп коюшу мүмкүн. Ошондуктан келишимдерди карап чыгуу зарыл.

Юрист буга кошумча, президенттин БУУнун трибунасында сүйлөгөн сөздөрүндө актуалдуу маселелердин айтылганы Тышкы иштер министрлиги жакшы иштегенинен кабар берерин белгиледи.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышында өлкөдөгү улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги маселелерди белгилеген. Ал Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөгөнүн, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо муну дагы бир ирет ырастаарын айткан.

Мындан тышкары, акыркы он жылдагы Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы  ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөтүп жатканын, аталган ресурстарды комплекстүү пайдалануу региондогу бардык мамлекеттерди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чара экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM