Биз менен байланышыңыз

Абдрахматова: Борбор Азия лидерлеринин бирдиктүү иш алып барабыз дегени кубантат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2018 | 670 | 0

Казакстан Борбор Азиянын кызыкчылыгын коргоо зарыл экенин көп көтөрүп келет. Бул кошуна өлкө аталган аймактын лидери дегенге жатпайт. Мындай пикирин юрист Атыр Абдрахматова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Казакстан бул аракети менен көз караштардын актуалдуулугун айтып, чечимдердин кабыл алынуусун тандап алганын билдирет.

— Казакстан баары менен пикир алмашып, көндүрүүгө аракет кылат. Алсак, коопсуздукка көп каражат кеткени менен айрым мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көңүл бурулбай калганын айтышат. Эгер экономика өнүктпөсө коопсуздук сакталбай турганын белгилешет.

Абдрахматова Казакстан ар бир мамлекетке кете турган жардамдарды координациялоого көңүл бурарын айтат.

— Ошондой эле Ооганстанды Борбор Азиянын бир бөлүгү катары кароого чакырган. Мындай тартипти орнотууда Казакстандын демилгечилери Ооганстанга барып жолугушууларды кылып келишкен. Бул Борбор Азияга салым кошкон ийгиликтүү тажрыйба болгон.

Абдрахматова ар бир мамлекет өзүнүн өнүгүү жолуна өтүшү керектигин белгиледи.

Анын пикиринде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызматка киришип жатканда Борбор Азия мамлекеттерине өзгөчө көңүл бурган. Ошол аракеттердин арты менен аталган аймактын макамы көтөрүлгөн.

— Лидерлердин бирдиктиүү иш алып барабыз дегени кубандырат. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков туруктуу экономикалык өнүгүүүнү камсыз кылуу демилгесин улай БУУнун реформасынын керек экенин белгилеп кетти. Кыргызстан Борбор Азия боюнча жарандык коомдук өнүгүүсү, сөз эркиндиги боюнча алдыда турабыз. Жетишкендиктерди алып, кемчиликтерди чогуу жоюуга аракет кылуу зарыл,- деди Абдрахматова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM