Биз менен байланышыңыз

Ормон уулу: Казакстандын дипломаттарынан үлгү алсак болот

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2018 | 700 | 0

Тышкы саясаттын концепциясы бар. Бирок мобилдүү доорго адаптация боло алышыбыз зарыл. Мындай пикирин “Сереп” изилдөө институнун жетекчиси Искендер Ормон уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттар Уюмунун трибунасында Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөнүн жарыялаган.

Ормон уулунун президент айткан сунуш кабыл алынганга чейин жол картасын түзүп, ар бир дипломат өз милдетин, аткарчу жумушун билиши зарыл экенин белгилейт.

— Казакстан дипломатиясына жакшы каражат бөлгөн. БУУнун өкүлчүлүгүндө бул өлкөдөн 30 дипломат иштейт.  Ал эми бизде 3 эле өкүл бар. Алардын санын да, сапатын да көтөрүү зарыл. Дипломатияга канчалык көп ресурс бөлсөк, ошого жараш ички саясат өнүгүп, инвесторлор келет.

Ормон уулу буга кошумча, Казакстандын дипломаттарынан үлгү алууга чакырды.

— Казак дипломаттарынын үлгү болчу ишин көрдүк. Алар жарыясын Орто Азиянын кызыкчылыгы үчүн баштаганын айтып өттү. Жумасына бир жолу Орто Азиянын  өкүлчүлүктөрү топтолуп, отчет берет экен. БУУнун Коопсуздук кеңешине Казакстан өкүл болгон соң жылыштар болгону маалым болду. Казактар эгемендүүлүктүн белгиси катары англис тилин колдонот экен. Баары казак тилинде так сүйлөшөт. 

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM