Биз менен байланышыңыз

Канада Аун Суу Чжинин ардактуу жарандыгын жокко чыгарды

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 909 | 0

2-октябрда Канаданын Парламенти Мьянманын өлкө башчысы Аун Суу Чжинин “Канаданын ардактуу жараны” наамын жокко чыгарды. Бул тууралуу Al-Jazeera жазып чыкты.

Мындай ардактуу жарандыкты Канада Аун Суу Чжиге 2007-жылы ыйгарган болчу. Бирок Мянмадагы этностук жана конфессиалык азчылык болгон рохинжа мусулмандарына карата жасалган кандуу кыргындын башында турганы үчүн наамдан кол жууду. Мьянманын Ракхайн облусундагы миңдеген мусулман рохинжалар өлтүрүлүп, жүздөгөн айыл-кыштактар Мьянманын куралдуу күчтөрү тарабынан өрттөлгөн болчу.

“Биз адамзатка каршы зомбулукту ар дайым жектейбиз жана баарын буга чакырабыз. Мьянмадагы кылмыштын геноцид экендигин БУУ дагы, Канада дагы тастыктады. Андай болсо, биз Аун Су Чжинин бул наамынан ажыратабыз. Ала кушту атынан атаган жакшы”,-деп билдирди парламентте сөз сүйлөгөн демилгечи сенатор Ратна Омидвар.

Эскерте кетсек, Канаданын парламенти ушул жылдын сентябрь айында Мянмадагы кыргынды “геноцид” деп атап, БУУнун буга каршы чара көрүүсүн талап кылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM