Биз менен байланышыңыз

Уран калдыктарын рекультивациялоо маселеси каралды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 853 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда уран объектилеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган маселелер талкууланды.

Банктын өкүлдөрү билдиргендей, финансылык ресурстарды натыйжалуу топтоо үчүн атайы механизм түзүлгөн. Ошондой эле, уран обьектилерин заманбап, координацияланган, экономикалык жактан сарамжалдуу жана туруктуу ыкмалар аркылуу рекультивациялоо маселелери каралган Стратегиялык план иштелип чыккан.

Уран калдыктары көйгөйүн комплекстүү чечүүнүн макулдашылган артыкчылыктуу багыттары алкагында мындан ары да кызматташуу зарылдыгы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM