Биз менен байланышыңыз

Түркияда белгилүү журналисттерге өмүр бою түрмө жазасы берилди

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 2674 | 0

Ахмет Алтан, Мехмет Алтан, Назлы Ылыжак баш болгон алты жазуучу жана журналистке Стамбул соту өкүм чыгарып, өмүр бою катаал шартта жаза өтөй турган болушту. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги билдирди.

Аталган журналисттерге “террордук уюмга мүчө, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу, парламентти таратууга жана анын өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу” беренелери менен үч эсе оорлоштурулган жаза берилүүсү талап кылынган. Сот бул талапты канааттандырып,  2-октябрь күнү алардын жаза өкүмүн жарыялады.

Назлы Ылыжак “Бүгүн” гезитине бийликтеги АК партиянын мамлекеттин казынасына кол салуусу, паракордук иштери, террордук топторго курал-жарак сатуу жана өздөрүнүн бул кылмыштарын ачыкка чыгарган сотторду куугунтуктап, иштен алганы тууралуу жазган макалаларынын натыйжасында, 2016-жылы башка 42 журналист менен бирге бийликтин кылтагына илинген.

Ал эми ага-ини Алтандар да ушундай эле айыптоолр менен бирге Ахмет Алтанга өзгөчө, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетин алдын-ала билген жана пландаган деген айып кошулуп, жазага тартылды.

Бирок күнөөлөнгөн тарап мындай күнөөлөрдү бир беткей четке кагышууда. Бул болгону Эрдоган режиминин өз бийлигин кынтыксыз бекемдеп алуу аракети гана экенин айтышууда.

Булардын сыртында, 2016-жылкы төңкөрүш “оюнунун” артынан жүздөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жабылып, миңдеген журналисттер соттолуп, камалып, калгандары ишсиз калышты.

Эл аралык коомчулук, укук коргоо уюмдары журналисттерге карата мындай мамиле Түркияда сөз эркиндигинин такыр жок болгондугун жана жеке тараптын диктатурасынын орногондугун тынчсыздануу менен эскертип келишүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM