Биз менен байланышыңыз

Ирак президентин шайлады

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 798 | 0

Ирак парламенти 2-октябрть күнү өлкөнүн жаңы президентин шайлады. Бархам Салих Ирактын 2022-жылга чейинки президенти деп таанылды. Бул тууралуу “Рубау” маалымат агенттиги билдирди.

Ирактагы “мырзалык макулдашуунун” шарты боюнча өлкөдөгү үч негизги улуттук-конфессиалык топтор арасында негизги бийлик бутактары бөлүштүрүлгөн. Сүнниттик топтон  Парламенттин спикери, шииттерден премьер-министр, ал эми күрддөрдөн өлкө президенти шайлануусу керек.

Жаңы президент Салих Курдистан Патриоттук партиясынан көрсөтүлгөн талапкер болду. Ага атаандаш Күрдистан Демократиялык партиясынан чыккан Фуад Хусейнди 219 добуш менен утуп чыкты. Шайлоонун биринчи отуруму парламентте кворум болбогондугуна байланыштуу жыйынтыксыз калып, экинчи отурумда гана президент аныкталды.

Президент Бархам Салих өкмөт башчылыкка шиит Адил Абдул Махдини дайындады. Мыйзам боюнча ал 30 күндүн ичинде өкмөт курамын дайындашы керек.

Кошумчалай кетсек, Бархам Салих Ирактын мурдагы вице-премьер-министри жана Курдистан автономиялык республикасынын премьер-министри болуп иштеген. Саддам Хусейиндин режими учурунда бийликке каршы кадамдары үчүн соттолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM