Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму» өзгөчө жаштарга чоң таасир берет

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 883 | 0

«Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйынды өкмөт каржылап жатат. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, форумду жыл сайын болбосо да, үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп туруш керек. Мындай иш-чараларды өткөрүүдө финансылык каржылоо маанилүү, аны да эске алуу зарыл.

Маалыматка ылайык, эртең «Чыңгыз Айтматов жана анын «Ысык-Көл форуму»: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу III эл аралык жыйыны башталат. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун мамлекетинен жазуучулар, окумуштуулар, Айтматов изилдөөчүлөр жана саясатчылар катышары күтүлүүдө.

«Форумдун биринчи катышуучуларына да чакыруу жиберилген. Ага Айтматовго жакын адамдар келет. Алсак, Айтматовдун Рустам Хаиров, Андрей Золотов сыяктуу достору да катышат. Өкмөт булардын барын угуп бир жыйынтык чыгарат деп ойлойм»,- дейт Отунбаева.

Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  90 жылдыгына арналган. Отунбаева бул форум өзгөчө жаштарга чоң таасир берерин кошумчалады.

«Кыргызстан форумдун уясы аталат. «Ысык-Көл форумуна» карата дүйнө жүзүндө чоң реакция болду. Себеби руханий ресурс баарына керек. Биздин руханий ресурстун деңгээли абдан жогору. Чакан өлкө болсок да бизде Манас, Айтматов бар»,— дейт экс-президент.

Эске салсак, 1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. Бул тарыхый жыйын “Ысык-Көл шеринеси” деген ат менен белгилүү болуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM