Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: Мамлекеттер арасында ишеним жок болгондуктан курч маселелер чечилбей туруп калууда

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2018 | 872 | 0

Бириккен Улуттур Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги мамлекеттер арасында да ишеним жок болгондуктан курч маселелер чечилбей туруп калууда. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Отунбаева дүйнө коомчулугунда ишеним жетишсиздиги болуп жатканын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да белгилеп өткөнүн айтат.

«Гуттериш ишеним сынып жатканын айтты. Улуттук институтка, мамлекеттер арасында, жалпы дүйнөлүк тартипте да ишеним жок экенин белгиледи. Ал эми БУУнун жыйыны-чоң курултай. Анда көп көйгөйлөр көтөрүлүп, чечимдер кабыл алынат»,— дейт экс-президент.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында уюмдун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун БА 73-сессиясынын төрайымы Мария Фернанда Эспиноса Гарсес, АКШнын президенти Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнө лидерлери чыгып сүйлөшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM