Биз менен байланышыңыз

Президент 150дөн ашык кишиге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Пикирлер | 2 Окт 2018 | 825 | 0

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө карата чыккан жарлыкка ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 150дөн ашык киши мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Сыйлоо аземи мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өтүп, ага президент да катышты.

Эстрада ырчысы Шахрезада Аскарова да эмгек сиңирген артист наамын алды. Чыгармачылыкта көп жылдан бери жүргөнүнө карабастан, бул сыйлыкка эми жетип отурат.

Эки-үч жылдан бери жаштар наам ала баштагандан тартып мени тааныган да, тааныбаган да уруша баштады. Кантип эле сен албайсың деп. Анан быйыл Гүлшайыр Садыбакасова баштаган эстрада союзу сунуштап, документтерди тапшырып, ушинтип буйруп сыйлык алып отурабыз.

Ушундай эле наам Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик  жаштар театрынын артисти Марат Жанталиев да 40 жылдан кийин ыйгарылды. «Сыйлык алуудан үмүттү үзгөнбүз» деп тамашага салган актер бүгүн анын эмгеги бааланып жатканына кубанганын жашырган жок.

Эч кандай сезим болгон жок. Бербей жүргөндөрүнө көнүп калганмын. Анан сыйлык аларымды айтышса, тамашалашып жатышат го деп күлгөм. “Мага карыганда кайдагы сыйлык” деп. Анан көрсө чын экен. 40 жылдан кийин эмгек бааланып жатат.

Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды 150дөн ашык киши алды. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков сыйлыктарды тапшырып жатып, Абдылдаевди узак жылдар бою өзүнүн ак эмгеги, приципалдуулугу менен айырмалаган депутат экенин белгилеп өттү. Ал эми эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев мындай сыйлык ага күтүүсүз берилгенин айтып, жоопкерчилик ого бетер күчөгөнүн белгиледи.

-Ар бир адам өзүнүн турмушунда жакшы нерсе күтөт. Бирок бул сыйлык күтүүсүз болду. Ар бир мамлекеттик сыйлык бул абдан жоопкерчиликтүү. Буга чейин жоопкерчилик болгон, боло берет. Мындан ары да эл үчүн кызмат кылганга күч жетет.

40 жылдан ашык убакыттан бери Тажикстан менен чек аралаш аймакта, элдин тынчтыгы үчүн күрөшүп жашап келген Разия Өсөрова бүгүн президенттин колунан “Даңк” медалын алды. Элдин ишеничи күч берерин айтып, мындан ары да кызмат кылууга даярмын деп, кубанычы менен тең бөлүштү.

Союз мезгилинен бери иштеп келе жатам. Ошол жылдары да жер, суу маселеси болуп келген. Талыкпай, чарчабай элдин көйгөйүн чечип келе жатабыз. Эл мени Курманжан датка деп коюшат.

Президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы жолу мамлекеттик сыйлык тапшыруу сыймык экенин айткан Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн байлыгы жана өнүгүү булагы эл жана эмгек экенин белгиледи.

-Баарыңыздар тең ар кайсы тармакта иштеп, эмгегиңиздер сиңип, сый-урматка жеткенсиздер. Сыйлык алганга чейин эле элдин сыйына татыгансыздар. Бул жерде дагы белгилеп кетүүчү жагдай, көп жылдардан эмгеги бааланбай, көз жаздымында калып кеткен инсандардын эмгегин бүгүн комиссия баалап, сыйлыкка татып отурушат.

Кошумчалай кетсек, президент сыйлык алып жаткандардын көпчүлүгү коомдун сыйына ээ болгондор —жөнөкөй фермерлер, ишкерлер, педагогдор, дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык-маданий тармактын кызматкерлери экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM