Биз менен байланышыңыз

Билим берүү темасына арналган өкмөттүк саат өтөт

Кыска кабар | 2 Окт 2018 | 712 | 0

3-октябрда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана спорт тармагында балдардын укуктарын ишке ашыруу жөнүндөгу маселелерге байланыштуу «өкмөттүк саат» өткөрүлөт.

Ошондой эле «мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө», «имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралат.

4-октябрда 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчёт бекитилет. Социалдык фонддун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, бир катар ратификациялык мыйзам долбоорун кароо дагы пландаштырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM