Биз менен байланышыңыз

«Арзу» кафесиндеги өрттүн болжолдуу себеби айтылды

Кыска кабар | 30 Сен 2018 | 850 | 0

Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан «Арзу» кафесиндеги өрттүн келип чыгуусунун болжолдуу себеби мештерди курууда өрт коопсуздугунун бузулушу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, өрттөн улам келтирилген чыгым эсептелинип бүтө элек.

Эске салсак, тилсиз жоо 1-сентябрь күнү кечки саат 21.00 чамасында чыккан, аны өчүрүүгө 5 бөлүм тартылып, дээрлик жети саат аралыгында, таңкы саат 4:30да өчүрүлгөн.

Өрттөн дээрлик 2 миң чарчы метр аянт күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM