Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна эмне курулары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 891 | 0

Бишкек шаарында жолго тоскоолдук кылган объектилердин 90 пайызга жакыны мыйзамсыз курулуштар болуп саналат. Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна билдиришинче, жолго, тротуарларга тоскоолдук жараткан курулуштар түрттүрүлүп жатат. Эгер курулуш мыйзамдуу болсо кенемте төлөнүп берилүүдө.

Ал эми Ататүрк паркында мыйзамсыз салына баштаган курулуштар толугу менен токтотулган.

«Парк курулганга чейин жер тилкесин алгандар бар. Бул боюнча соттун чечимине баш ийдик. Мындан сырткары, шаардык кеңеш көйгөйлүү объектилердин бири «Нарын» ресторанынын ордуна сейил бак куруу чечимин чыгарган. Бирок учурда менчик ээси биз менен байланышпай келет. Ресторан колдон-колго өтүп жүрүп кытайлык компанияга сатылган экен», — дейт Дүйшембиев.

Маалым болгондой, Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна да сейил бак куруу пландалууда.

Дүйшембиев буларга кошумча ушул жылдын октябрь айынын ортолорунда унаа токтотуучу жайлар боюнча жобо иштелип чыгарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM