Биз менен байланышыңыз

Дүйшембиев: Бишкек шаарына 16 жаңы мектеп керек

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 758 | 0

Бишкек шаарына 16 жаңы мектеп керек. Бул боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды норма боюнча окутуу үчүн калаага 16 жаңы мектеп куруу зарыл.

«Көп мектептердин эскилиги жетип калган. Мындай мекемелерди реконстукциядан өткөрүү боюнча программа даярдалууда. Ал 25 мектепти камтыйт. Мындан сырткары объектилерди бала бакча үчүн шаардын баалансына өткөрүп берүү иштери уланып жатат», — дейт Дүйшембиев.

Ал буга кошумча мамлекет жеке менчик бала бакчаларды курууга кызыктар экенин белгилейт.

«Бала бакчалар бизнес катары да жүрүп жатат. Жеке менчик бала бакчалар салыктан толугу менен бошотулган. Инвестор, ишкерлерге «бул жер даяр, келип бала бакча куруңуз» деген нерсе жок. Айрым нормативдик документтер жетишсиз болуп, иш жүзүнө келгенде тоскоолдуктар болуп жатат», — дейт вице-мэр.

Маалым болгондой, социалдык объектилер шаардын бюджетинин эсебинен курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM