Биз менен байланышыңыз

Дүйшембиев: Бишкекте 2019-жылы тротуарлар калыбына келтирилет

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 655 | 0

Бишкек шаарындагы жолдор эки долбоордун негизинде оңдолуп жатат. Ага ылайык, 49 көчө калыбына келтирилип, 23 көчөнүн асфальты жаңыланып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ири долбоорлор Кытайдан келген гранттык каражат менен ишке ашырылууда. Ал эми кичи жолдор калаа бюджетинин эсебинен ондолуп жатат.

«Бул иштер аягына чыкса, шаардагы тыгын көйгөйлөрү аз да болсо чечилет. Учурда негизги жолдорду ирээтке келтирүүгө артыкчылык берилип жатса, кийинки жылы тротуарлар калыбына келтирилет. Муну 2019-жылдын бюджетине киргизүүнү пландап жатабыз. Жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүүгө аракет кылабыз», — дейт Дүйшембиев.

Ал кошумчалагандай, жакынкы убакта жаңы курулган көчөлөргө жол чырактар да ортотулат. Азырынча темир жол куруу долбоору жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM