Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Өлкө башчы тарыхта калам десе, президенттик орунду жойсун

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 618 | 0

Саясатта система адамдан дагы күчтүү. парламент ошонун айынан оңоло албай жатат. Мындай пикирин укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент тескегенди билгени менен ар бир депутаттын артында УКМК турат. Бул орган каалаган кишиге кылмыш ишин козгоп, камап коё аларын Сапар Исаковдун мисалында көрсөтүштү.

«Биз парламенттик системага толук келе элекпиз. Парламентти жаман көрсөтүп жаткан борбордошкон күч бар. Духту түшүрбөй Конституциялык реформага барып, президенттик орунду жоюп салсак, эл өкүлдөрү элге жагынып, алардын кызыкчылыгын колдомок. Өлкө башчы тарыхта калгым келет десе, Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттикти жойсун», — дейт Карасартова.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө жакшы идея же демилге жок.

«Парламентаризмди күчөтөбүз десек, аны талкалоого кызыктар кошуналарыбыз бар. Геосаясатта Кыргызстан дайыма эле кысымга кабылып келген. Президент алдыга жылса демилгелерди колдоп берүүгө баары даяр», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM