Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Мамытов Акыйкатчылык институтка кызматка чакырса барбайм

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 646 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов укук коргоочу Рита Карасартованы кызматка чакырса барбайт. Мындай оюн ал өзү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мамытов бийликти колдоп, ал эми мен элдин кызыкчылыгын коргоп турсам, экиге бөлүнүп кабалыз», — дейт укук коргоочу.

Анын айтымында, шайлоо баарын чечет. Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы эл шайлаган. Андыктан маселенин баары тандоодо турат. Мындан улам эл акыйкатчылыктан мурда айылдык кеңешке кимди шайлашканына анализ жасашы керек. Айылдык кеңешти өкмөт шайлабайт.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген. Ал эми акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасында Рита Карасартова дагы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM