Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Акыйкатчы институна тиешеси жоктор келгени өкүндүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 681 | 0

Акыйкатчы институна тиешеси жок бирөө жетекчи болуп келгени өкүндүрөт. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчы Токон Мамытов мыйзам чегинде кызматка келип отурат. Бирок моралдык жактан караганда анын акыйкатчы болушу туура эмес.

«Биздикилер бюджетти тоноп унаа минсе дагы бетине айта албайбыз. Акыйкатчы президентке кайрылып, элдин чечилбеген көйгөйлөр менен кабардар кылып туруусу зарыл. Акыйкатчынын иши кайрылган жарандардын маселеси мыйзам чегинде чечилгенде бааланат», — дейт Карасартова.

Ал белгелегендей, Акыйкатчы институтунда иштегендер канча айлык алса да, элдин укугун коргой билүүсү зарыл. Маяна аз деп ишти сапатсыз аткаруу туура эмес. Бул мекеменин Жогорку Кеңешке туура багытка чечилген иштердин документтин алып келгени маанилүү.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген. Ал эми коомчулук анын акыйкатчы болуусуну каршы болуп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM