Биз менен байланышыңыз

Акаев: Элдин сыны Мамытовду акыйкатчылыктан баш тарттыра алган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 623 | 0

Токон Мамытов бардык жерде бийликти жактайт алат. Себеби ал бийликке кол бала болуп турган, ашыкча билдирүү жасабаган киши. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчынын духу болсо элдин маанайын билген соң кызматтан баш тартмак.

«Бирок бийликте эч ким бирөөгө орун бербейт. «Менин жашым жетип калды эми кызматка сен отур» деген адам жок. Жаштар программасы, идеасы менен саясатчыларды сүрүп чыгарышы абзел»,- дейт Акаев.

Эл өкүлү белгилегендей, айрым саясатчыларда «бийлик менен мамилем жакшы болсо болду» деген түшүнүк бар. Алар муну жетишкендик катары көрүшөт. Ошентип элдин кызыкчылыгы экинчи орунда калып калууда.

«Парламент акыйкатчынын отчетун канааттандырбай койсо болот. Мындайда акыйкатчы депутаттарга көз каранды болуп калышы да мүмкүн», — деп кошумчалайт Акаев.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM