Биз менен байланышыңыз

Акаев: Эл өкүлдөрүнө басым болсо да, эч ким ачык айтпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 684 | 0

Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо боюнча депутаттарга басым болсо да эч ким ачык айтпайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү жеке өзүнө эч кандай кысым болбогонун, ал эми башка кесиптештеринин атынан жооп бере албай турганын белиледи.

«Акыйкатчылык кызматка талапкер болгондордон Рита Карасартованын программасы элдин көйгөйлөрү тууралуу болчу. Ал эми айрым депутаттар Канат Азиздин программасы бираз чабал болуп калганын айтышты. Бирок программага карап шайлаган киши жок. Парламент дагы элдей. Коомчулук да программасы жок партияларды шайлап коюшууда», — дейт Акаев.

Эл өкүлү белгилегендей, ар бир жаран кандайдыр бир маселени чечүүдө кайсы фракция элдин кызыкчылыгын коргогонун жазып алышы керек.

Эске салсак, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын акыйкатчылыгына Токон Мамытовду шайлаган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM