Биз менен байланышыңыз

Акаев: Депутаттар УКМКдан коркушат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 784 | 0

Күч органдары кимге көз каранды болсо, парламент ошого баш ийет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кааласа «акты кара» кылып коё алат. Ошондуктан депутаттар бул органдан коркушат.

«Мындан улам айрым эл өкүлдөрү элди эмес, бийликти тандап кетүүдө. Себебеи УКМК президентке карайт. Ал эми президент мурдагы бийликтен калган адамдар менен күрөшүп бүтө элек. Андыктан азырынча колдоп, күтүп туруу зарыл», — дейт Акаев.

Эл өкүлү бирок акча талап кылбаган реформаларды жасоо зарыл экенин кошумчалайт.

«Экономиканы көтөрүп, жумуш орундарын камсыздоого каражат керек. Бирок кадрларды, сотторду тандоого акча кетпейт да. Иштейм деген кишини шайлап койсо болот», — дейт Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM