Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева: ЕККУ Кыргызстанга укук коргоо системасын реформалоого 120 млн доллар бериптир

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 689 | 0

Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынында Кыргызстанда укук коргоо талаасында абал курч экени айтылды. Бул тууралуу жыйынга катышып келген “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” бирикмесинин төрайымы, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЕККУ Кыргызстан үчүн маанилүү. Аталган уюм каралган маселелерди жоюу же көзөмөлгө алуу боюнча бийликке тапшырма бербейт, сунушун гана берет. Бирок уюмга өкүл болгон соң көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, жыйынтыктап жооп берүү абзел.

«ЕККУнун бир топ концепциясын кабыл алдык. Уюм Кыргызстанда ИИМ жана укук коргоо системасын реформалоого 120 млн доллар бериптир. Ал каражатка унаа, техникалык жабдыктар алынып, айлык акы төлөнүүдө. ЕККУнун жыйынында биз айткан сунуштар башка өлкөлөр тарабынан кабыл алынууда», — дейт Үмөталиева.

Маалым болгондой, Үмөталиева жыйында Кыргызстанда саясий негизде соттолгондордун маселесин көтөргөн.

— Саясий куугунтукка кабылгандардын иштери боюнча пикиримди билдирдим. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун иштери каралып жаткандыктан алар тууралуу сөз кылган жокмун,» —  дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 10-сентябрда башталып 21-сентябрга чейин уланган жыйынга уюмга мүчөлүк кылган 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM