Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Суракматов бизнестен алыс болушу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 649 | 0

Бишкектин мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин өзүн көрсөтүп жакшы иштеши керек. Болбосо саясаттан кетүүсүнө туура келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу болот. Андан соң мэр кайра шайланат.

«Ага чейин Суракматов жеке бизнестен толугу менен чыгып, элдин, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу зарыл. Бул өтө кыйын, ошентсе дагы ишмердүүлүгү үчүн бизнестен алыс болушу керек. Коррупциялык иштерге аралашпай таза иштегени жакшы», — дейт Жээнчороев.

Ал калаа башчылык жоопкерчиликтүү жумуш экенин айтып, буга чейинки мэрлер шаардагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу өкмөттүн башчылыгына тартылбаганы буга далил болгон фактор экенин билдирди.

Эске салсак, 8-августта Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер Азиз Суракматов  шайланган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешинин 43 депутаты колдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM