Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Каденова боюнча кызматтык иликтөө жүрүшү керек болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 635 | 0

Зууракан Каденова боюнча кызматтык иликтөө жүрүшү зарыл эле. Анын негизинде чыккан жыйынтык менен коомчулукту тааныштырган соң бир чечимге келиш керек болчу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен дагы сурак жүргүзгөн соң кызматтан кетирүү зарыл болчу. Кызматтык иликтөөнүн негизинде жумуштан алынган адам кайра кызматка келүүсүнө тоскоолдук болот. Өкмөт башчынын аракети башкаларга сабак болушу да мүмкүн», — дейт Жээнчороев.

Эске салсак, 22-сентябрда Сеул шаарынын аэропортунда Каденованын учакка мас болуп кирип чыр салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктады. Көп өтпөй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM