Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Депутаттык комиссия түзүп «Белизгейтти” карап чыгуу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 644 | 0

Депутаттык комиссия түзүп «Белизгейтти” карап чыгуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Белизгейт» боюнча УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевде гана эмес укук коргоо органдарынын жетекчилигинде да маселе бар.

«Башка өлкөлөрдүн Башкы прокурору менен сүйлөшүү маселеси бар. Абдил Сегизбаевдин, мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилиги каралат деп ишенем. Кылмыш катары эсептелген нерселерге бир гана юридикалык баа берилип, эч кандай саясий басым болбошу керек«, — дейт Жээнчороев.

Ал буга кошумча, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткени боюнча кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич да жооп бериши керектигин айтып, ТИМ менен Башкы прокуратура биргеликте иштеп Бакиевдер алган каражатты кайтартуу зарыл экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM