Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Бабанов кетсе партия үчүн чоң жоготуу болот

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 676 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов кетсе партия үчүн каржылык, интеллектуалдык жактан да чоң жоготуу болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бабанов саясатта жакын адамдарымдын бири. Ал жаштыгына карабай 20дан ашуун депутаттардан турган топ түзүп, Бакиевге каршы сын айтып жүрдү. Бабанов менен иштеген абдан кызыктуу эле. «Республика-Ата Журт» фракциясынын жоболоруна ылайык, фракция жетекчисин мүчөлөр чечет. Биздин фракцияда ротация иретинде жаңы жетекчи дайындалды. Азыр өз ара ынтымак бар», — дейт Жээнчороев.

Анын айтымында, «Республика-Ата Журт» партиясы 20 жылдан соң шайлоого мындай ат менен барбайт. Бул мурда эле белгилүү болгон. Ал эми учурда алдыңкы 20 жыл боюнча сөз боло элек.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 16-ноябрында Руслан Казакбаев “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери болуп  шайланган. Аталган фракциянын буга чейинки жетекчиси Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Ал эми “Республика – Ата-Журт” 2014-жылы 20-октябрда “Республика» жана «Ата-Журт” саясий партияларын биригүүсүнөн куралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM