Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Эл суранса Бабанов 5-10 жылдан соң саясатка келиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 613 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштин токтоп турганынын себеби бийлик менен соода болуп кетти» деген сөздөн алысмын. Мындай процесстер саясий сүйлөшүүлөрдун негизинде болот». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бабановдун ишин кароодо саясат аралашпай, юридикалык баа берилиши керек.

«Бабанов чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин сүйлөштүм. Шайлоо абдан татаал, Бабанов ошондуктан ден соолугун чыңдоо максатында чет өлкөгө кеткен эле. Ал мамлекеттен чыккан соң кылмыш иштери козголуп кетти. Бабанов саясаттан кеттим деген сөзүнө бекем турат. Балким 5-10 жылдан соң эл суранса саясатка келип кошулушу мүмкүн», — дейт Жээнчороев.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 30-декабрда депутаттык мандатынан баш тартып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Мындай чечимге ал президенттик шайлоонун алдында командасына көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло албай калса, саясаттан кетем деп убада бергени менен түшүндүргөн.

Ал эми 2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

Ушул эле жылдын 28-марттында ага «мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн» деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM