Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: Пенсияларды көтөрүү боюнча долбоорду өкмөт карап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 709 | 0

Пенсияларды көтөрүү боюнча долбоор өкмөттүн кароосунда турат. Бул боюнча Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эгер аталган долбоор колдоо тапса, жашоо минимумунан төмөн пенсиялар 7 пайызга көтөрүлөт. Башкача айтканда, 250 сомдой каражат кошулат . Учурда даярдоо иштери жүрүп жатат. Социалдык камсыздоо — мамлекеттик саясат. Ал жарандардын төлөмдөрүнөн көз каранды эмес. Мамлекет бекиткен төлөм республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөндүктөн, пенсия, жөлөк пулдарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар», — дейт Мукамбетов.

Ал белгилегендей, пенсия жарандын социалдык фондго төлөгөн төгүмдөрүнө жараша чегерилет. Мындан улам көп төгүм төлөп тургандар менен тажрыйбасы жок адамдарга бирдей пенсия берилбейт.

Маалыматка ылайык, жарандар пенсиялык топтомо каражаттарын мамлекеттик пенсия фондуна өткөрө алышат. Ал үчүн социалдык фондго арыз менен кайрылуулары зарыл.

«Айталы, жаран мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна 1 млн сом чогултту. Аны ай сайын пенсиянын бир бөлүгү катары алып турат. Эгер кайтыш болуп кетсе, анын мураскерине 1 млн сом бир эле убакта толук берилет. Соцфондго бүгүн 50 миң сом берсем, эртең пенсияга 50 миң сом кошулат деген туура эмес. Салык менен социалдык камсыздандыруу — эки башка нерсе. Андыктан жарандар жер үлүшүнүн салыгын төлөгөндү унутпашы керек», — дейт Мукамбетов.

Белгилей кетсек, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM