Биз менен байланышыңыз

Мурзакматов: Мамлекеттик топтоо фондундагы каражат пенсия катары берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 653 | 0

Жарандар пенсияга чыгуу боюнча арызын 6 ай мурда социалдык фондго берсе болот. Пенсияга чыгууда жарандын паспорту, диплому, эмгек китепчеси, аскердик билети жана 5 жылдык айлык акысы тууралуу маалымат талап кылынат. Тийиштүү документтерди соцфонддун аймактык бөлүмдөрү кабыл алат. Жарандын документтери толук болсо, 15-20 күндүн ичинде пенсия чегерилет. Бул боюнча Социалдык фонддун топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү секторунун башчысы Ынтымак Мурзакматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер айлык акынын 27.27 пайызын камсыздандыруу төгүмү үчүн төлөйт. Кызматкер анын 10 пайызын, жумуш берүүчү калган бөлүгүн берет. Аны ай сайын же бир жылда бир топтоп төксө болот.

Маалым болгондой, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат. Эгер жарандын эмгек китепчеси жоголуп кетсе же андагы маалыматтар так болбосо, анда социалдык фонддун кызматкерлери керектүү маалыматты ишканалардан тактоого милдеттүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM