Биз менен байланышыңыз

Мурзакматов: Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунда 16 млрд сом бар

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 832 | 0

Учурда мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунда 16 млрд сом каражат бар. Бул тууралуу Социалдык фонддун топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү секторунун башчысы Ынтымак Мурзакматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган фонддогу каражатты башкарууга 3 элемент катышат.

«Алар: топтомо пенсиялык фонд, социалдык фонд, жеке жак. Пенсиялык топтомо милдеттүү болгондуктан аны алуунун 5 негизи бар. Ал эми жаш балдар, иштеп жаткан пенсионерлер, 1968-жылга чейин төрөлгөн айымдар, 1964-жылга чейин төрөлгөн эркектер жана улуу согуштун катышучулары камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулган», — дейт Мурзакматов.

Ал белгилегендей, мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер айлык акынын 27,27 пайызын камсыздандыруу төгүмү үчүн төлөйт. Кызматкер анын 10 пайызын, калган бөлүгүн жумуш берүүчү төлөйт. Аны ай сайын же бир жылда бир топтоп төксө болот.

Маалым болгондой, камсыздандырууга төлөнгөн акчанын 8% пенсияга төлөнөт. Калган 2 пайызы мамлекеттик топтоо фондуна кетет. Ал каражат пенсиянын бир бөлүгү катары кайтарылып берилет. Камсыздандырылган адам чет өлкөгө чыгып кетсе, мамлекеттик топтоо фондундагы каражат төлөнүп берилет. Эгер жаран пенсия жашына жетпей кайтыш болсо, акча анын мураскерине өткөрүлөт. Ал үчүн аймактык социалдык фондго арыз жазуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM